Тоо-кен тармагынан түшкөн салыктык кирешелер январь-ноябрь айларында айда 56,7 млрд сомду түздү
2025-жылдын 11 айында алдыңкы тармактар бюджеттин салыктык түшүүлөрүн түзүүгө олуттуу салым кошту.
Салык кызматынан билдиришкендей, түшүүлөрдүн түзүмү негизги тармактарда туруктуу динамиканы көрсөтүүдө. Тактап айтканда, 2025-жылы тоо-кен өнөр жай ишканалары бардык салыктык түшүүлөрдүн 20,6%, соода тармагы — 31%, финансылык кызматтар — 4,7%, курулуш — 5,6%, байланыш — 2,3%, электр энергетикасы — 2%, билим берүү — 1,5%, алкоголдук продукцияны өндүрүү — 1,7% камсыздады.
Акчалай көрсөткүчтөр менен алып карасак, тоо-кен тармагынан түшкөн салыктык кирешелер 2025-жылдын январь-ноябрь айларында айда 56,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7 млрд сомго көбөйдү. Соода тармагынан 84,6 млрд сом түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу 20,4 млрд сомго жогору болду. Курулуш тармагында түшүүлөр 15,5 млрд сомго жетип, 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 6,3 млрд сомго ашты. Чакан жана орто бизнес 23,7 млрд сомду, же бардык салыктык түшүүлөрдүн 8,6 пайызын камсыздап, өткөн жылга салыштырмалуу 10,1 млрд сомго өстү.
Мындай жыйынтыктар экономиканын туруктуу өсүшүн жана ырааттуу салык саясатын чагылдырат.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Салык кызматы 275 млрд 742 млн сом чогултуп, салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу боюнча бекитилген жылдык болжолдуу планды мөөнөтүнөн мурда аткарды.