Салыктык түшүүлөрдүн көлөмү боюнча соода тармагы лидер болуп, жалпы жыйымдардын 31% же 84,6 млрд сомду камсыз кылды
Салык органдарынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында экономиканын негизги тармактары өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн калыптандырууга олуттуу салым кошту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Салыктык түшүүлөрдүн көлөмү боюнча адаттагыдай эле соода тармагы лидер болуп, жалпы жыйымдардын 31 пайызын же 84,6 млрд сомду камсыз кылды. Экинчи орунда түшүүлөрдүн 20,6 пайызын (56,7 млрд сом) түзгөн тоо-кен тармагы турат.
Мындан тышкары, төмөнкү тармактар маанилүү роль ойноду:
- курулуш – 8 пайыз (15,5 млрд сом);
- финансылык кызматтар – 4,7 пайыз (12,8 млрд сом);
- байланыш – 2,3 пайыз (6,4 млрд сом);
- электр энергиясы – 2 пайыз (5,1 млрд сом);
- алкоголдук продукция өндүрүү – 1,7 пайыз (4,6 млрд сом);
- билим берүү – 1,5 пайыз (4,1 млрд сом);
- чакан жана орто бизнес 23,7 млрд сом камсыз кылды (бардык салык түшүүлөрдүн 8,6 пайыз), өткөн жылга салыштырмалуу түшүүлөрдү 10,1 млрд сомго көбөйттү.
Мындай жыйынтыктар экономиканын туруктуу өсүшүн жана ырааттуу салык саясатын чагылдырат.