Элдик Курултайдын биринчи күнү аяктады
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик Курултай өтүп жатат.
Бүгүн, 25-декабрда, анын ишинин биринчи күнү болду.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулду. Иш-чарага чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана диний конфессиялардын өкүлдөрү да чакырылган.
Иш-чара акыркы жылдардагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу тасма көрсөтүү менен башталды.
Андан соң Мамлекет башчысы бир катар программалык билдирүүлөрдү жасап, коомдук мааниге ээ болгон негизги маселелерге жана өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
Мугалим жана дарыгерлердин кадыр-баркын көтөрүүгө, жарандарды социалдык жактан коргоого, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга, ошондой эле аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент мындай көрүнүштөрдүн жол берилгис экенин жана коомдук баалуулуктарды жана маданиятты өзгөртүү зарылдыгын баса белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле аймактык өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, турак жай программаларын ишке ашыруу жана инвестиция тартуу артыкчылыктарын белгилеп, экономиканын туруктуу өсүшүнө, ИДПнын жогорулашына жана өлкөнүн финансылык базасынын чыңдалышына токтолду.
Андан соң өлкө боюнча бир катар өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды. Бир эле учурда ондогон ишканалар жана социалдык инфраструктура объекттери — логистикалык жана өндүрүштүк кубаттуулуктар, ошондой эле бала бакчалар, мектептер, медициналык жана спорттук мекемелер ишке киргизилди. Мындан тышкары, Баткен облусунда Зардалы алыскы калктуу конушунун транспорттук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган унаа жолунун курулушу аяктады, бул аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө маанилүү салым болуп калды.
Курултайдын жүрүшүндө катышуучулар аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын бакубаттуулук деңгээлин жогорулатууга багытталган маселелерди көтөрүштү.
Делегаттар унаа жолдорун оңдоо жана куруу, суу менен камсыздоо объекттерин жана социалдык мекемелерди жаңылоо, ошондой эле аймактарда жеткиликтүү турак жай куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жайыт жерлерине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча сунуштар айтылды.
Мындан тышкары, Курултайдын катышуучулары дары-дармектердин кымбаттыгы, кичи ГЭСтерди өнүктүрүү, туризм тармагын стимулдаштыруу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо маселелерин козгоп, мамлекеттик органдардын калк менен тыгыз байланышынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Эскерте кетсек, эртең Элдик Курултай өз ишин улантат.
Түз эфир УТРКнын эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.
Түз алып көрсөтүү 26-декабрда саат 10:00дө башталат.