1-декабрга карата жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү

 1-декабрга карата жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү

1-декабрга карата расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, өлкө калкынын саны 2025-жылдын 1-октябрына карата 7 млн 374 миң адамды түздү.

Өлкөнүн эмгек ресурстары 2 млн 861 миң адамды түзүп, алардын ичинен 2 млн 756 миң адам жумуш менен камсыз болгон, ал эми 104,7 миң адам жумушсуз. Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 3,7%га жетти.

2025-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча расмий катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 58 565 жумушсуз жаран каттоодо турган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 21,5%га аз.

Расмий катталган жумушсуздардын саны 39 841 адамды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26%га кыскарган.

Катталган жумушсуздардын билими боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • жогорку билим — 2 586 (аялдар — 1 683)
  • орто кесиптик билим — 2 447 (аялдар — 1 496)
  • башталгыч кесиптик билим — 1 450 (аялдар — 621)
  • жалпы башталгыч билим (1–4-класстар) — 501 (аялдар — 216)
  • негизги жалпы билим (5–9-класстар) — 9 435 (аялдар — 4 205)
  • орто жалпы билим (10–11-класстар) — 23 422 (аялдар — 10 244)
  • башталгыч билими жок — 7 (аялдар — 0)

Министрлик иш менен камсыз кылуу кызматы жарандарды жумушка орноштурууга жана кесиптик квалификациясын жогорулатууга шарттарды түзүү багытында иштерди улантып жатканын белгилейт.

Связанный пост