Социалдык фонд 82,1 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

 Социалдык фонд 82,1 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 25-декабрдагы жыйында «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлорун карап, үч окууда кабыл алды. Ошондой эле Социалдык фонддун 2024-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулуп, жактырылды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев белгилегендей, Социалдык фонддун 2025-жылга карата такталган бюджети кирешелер боюнча 129 млрд 183 млн 671 миң сом (ИДПнын 7,3%ы) суммасында түзүлдү. Социалдык фонддун 2026-жылга карата бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 137 млрд 691 млн 504 миң сом жана чыгашалар боюнча 137 млрд 303 млн сомду түздү.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев майыптыгы бар адамдар үчүн пенсияга чыгуунун эки жолу бар экенин, бирок жарандар кайсынысы пайдалуу экенин түшүнө албай жатканын белгиледи. Эл өкүлү аталган маселени кылдат талдап чыгууну сунуштады. Депутат Илимбек Кубанычбеков бийик тоолуу шарттарда жашаган жарандар үчүн пенсия дайындоо тартибине жана адилеттүү пенсиялык системаны түзүү маселелерине көңүл бурду. Депутат Дастанбек Жумабеков Социалдык фонддун бюджетин түзүү, пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу сыяктуу маселелерди тактады. Депутат Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанда иштегендер менен пенсионерлердин катышы, кийинки жылдарга карата божомолдор тууралуу суроо узатты. Социалдык фонддун төрагасы бул катыш 0,9%ды түзөрүн белгиледи. Депутат Махабат Мавлянова камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону көбөйтүү боюнча чараларды көрүү маселесин көтөрсө, депутат Жылдыз Садырбаева камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн пайызын көбөйтүү маселелерин белгиледи. Депутат Камила Талиева пенсиянын базалык бөлүгү тууралуу кеп кылып, баатыр энелерге берилчү кенемтенин өлчөмүн жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады. Эмгек мигранттарына пенсия төлөө тартиби тууралуу сөз кылган депутат Бурун Аманова алардын бир бөлүгү КМШ өлкөлөрүндө мыйзамсыз иштеп жатканын айтып, маалыматтык кампанияларды жүргүзүү зарылдыгын билдирди.

Связанный пост