IV Элдик Курултайда өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган 94 негизги объекттин ачылышына старт берилди

IV Элдик Курултайда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, анын жүрүшүндө өлкө боюнча 94 жаңы социалдык жана өнөр жай объектилеринин онлайн ачылышына старт берилди.

МинКаб Төрагасы өз сөзүндө акыркы беш жылда Кыргыз Республикасы 2020-жылдагы кризистин оор кесепеттерин ийгиликтүү жеңип, макроэкономикалык туруктуулукту камсыздап, туруктуу социалдык-экономикалык өсүштүн траекториясына киргенин белгиледи.

Системалык реформаларды жана терең институттук кайра курууларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саясий эркинин чечүүчү ролу өзгөчө баса белгиленди.

Адылбек Касымалиев мамлекет башчынын демилгеси менен Элдик Курултай институтунун кайра жаралышына өзгөчө көңүл буруп, аны коомдук диалогдун жана жарандардын бийликке катышуусунун заманбап стандарттарына жооп берген уникалдуу демократиялык аянтча деп атады. Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу жетишкендиктеринин арасында мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жана инновациялык технологияларды ишке киргизүү боюнча олуттуу жылыштар болду.

Тактап айтканда, санариптик чечимдердин жана адам факторун минималдаштыруунун аркасында Мамлекеттик бажы кызматынын кирешеси үч жыл ичинде үч эсеге көбөйдү — 2021-жылдагы 46,8 миллиард сомдон быйыл 150,2 миллиард сомго чейин жеткени айтылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле децентралдаштыруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана масштабдуу инфраструктураны модернизациялоо аркылуу ишке ашырылып жаткан региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын стратегиялык багытын белгиледи. Ошол эле учурда экология жана климаттын өзгөрүшү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, экотуризм жана органикалык айыл чарба багыттары боюнча демилгелер ийгиликтүү илгериленип жатат.

Социалдык чөйрөдө, Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, сезилерлик натыйжаларга жетишилди: укук тартиби чыңдалууда, мамлекеттик бюджеттин кирешелери өсүүдө, социалдык жана инженердик инфраструктура жигердүү өнүгүүдө, авариялык мектептердин саны кыскарууда, медициналык мекемелер модернизацияланып, калкты турак-жай менен камсыз кылуу программасы кеңейтилүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин уруксаты менен Адылбек Касымалиев 94 объектти онлайн ишке киргизди, анын 27си өнөр жай, 67си социалдык объектилер.

Ал белгилегендей, бул объектилерди ишке киргизүү 2025-жылы өлкө боюнча 291 социалдык объектилерди жана 119 өндүрүш ишканаларын ишке киргизүү боюнча масштабдуу пландын бир бөлүгү.

Башталган ири долбоорлордун ичинен Баткен облусундагы Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы унаа жолунун бүткөрүлүшү болду. Ал белгилегендей, 18 чакырым коопсуз унаа жолу курулуп, Кожешкен дарыясына 30 метрлик жаңы көпүрө курулган. Баяндамасынын аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы IV Элдик Курултайдын катышуучуларына жемиштүү иштөөнү жана өлкөнүн өнүгүшүнүн жыргалчылыгы үчүн мындан аркы конструктивдүү диалогду каалады.

Связанный пост