Жогорку Кеңештин комитеттери республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун үч окууда колдошту

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети, Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети,  Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети, Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети биргелешкен жыйындын алкагында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун карашты.

Биргелешкен жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Алсак, «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралды. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да угулду.

Талкуу маалында эл өкүлү Дастан Бекешев бир катар социалдык маселелерди тактап, өзгөчө мектеп мугалимдери менен бала бакчалардын тарбиячыларынын эмгек акысын жогорулатууга көңүл бурса, депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусунун Лейлек районунда ирригациялык системаларды куруу жана калыбына келтирүү маселесин көтөрдү.

Депутат Токтобүбү Ашымбаева мугалимдер үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу максаттуу турак жай куруу зарылдыгын белгиледи. Депутат Камила Талиева инфляциянын деңгээлине токтолуп, эмгек акынын, пенсиялардын жана социалдык жөлөкпулдардын өсүшү жарандар тарабынан реалдуу сезилиши керектигин айтты. Ошондой эле эл өкүлү баатыр энелер үчүн берилүүчү кенемтенин өлчөмүн жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун биргелешип иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

Депутат Махабат Мавлянова экология, ирригациялык системаларды куруу жана калыбына келтирүү, суу менен камсыз кылуу, ошондой эле аймактарда айыл чарбасын колдоо маселелерин ортого салды. Депутат Санталат Аманова маданият тармагына бөлүнүүчү каржылоону көбөйтүүнү, 2026-жылга 12 млрд сом каражат караштырууну сунуштады. Депутат Бактыяр Калпаев Министрлер кабинетин Баткен облусундагы калктуу конуштарды газдаштыруу маселесин кароого чакырды.

Андан тышкары, депутат Сеидбек Атамбаев өлкөдөгү соттолуп, камакта кармалган адамдардын жаза өтөө шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгилесе, эл өкүлү Медер Чотонов аймактардагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Биринчи Май, Кыргызстан жана Өзгөрүш айылдарындагы суу менен камсыз кылуу тутумдарын реконструкциялоо маселесине көңүл бурду. Ал эми депутат Улукбек Узакбаев мигранттардын укуктук абалын жакшыртуу маселелерине токтолду. Депутат Жаныбек Абиров Ленин районунун жогорку жагында жайгашкан Орок, Жал жана башка калктуу конуштардагы жер тилкелерин трансформациялоо зарылдыгын белгиледи. Депутат Гүлжан Сатиева 2026-жылы Москва районунун борбору Беловодск айылында заманбап жаңы маданият үйүн куруп берүүнү өтүнсө, эл өкүлү Алишер Козуев Кара-Суу районун ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин ортого салды. Андан тышкары, депутат Умбеталы Кыдыралиев борбор калаанын калкынын өсүшүн эске алуу менен шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана бул максаттарга тиешелүү бюджет каражаттарын бөлүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору үч окууда жактырылды. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да колдоого ээ болду.

Связанный пост