“Бишкек” эркин экономикалык аймагынан бюджетке дээрлик 10 млрд сом түштү

 “Бишкек” эркин экономикалык аймагынан бюджетке дээрлик 10 млрд сом түштү

Акыркы эки жыл ичинде “Бишкек” эркин экономикалык аймагынан мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык жана бажы төлөмдөр, ошондой эле социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдүн жалпы көлөмү 8 млрд 939 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору Умбриэл Темиралиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы бюджетке түшүүлөр 4 млрд сомду түзгөн. Демек, соңку эки жылда мамлекетке түшкөн каражаттар эки эсеге өскөн.

“Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата президенттин тапшырмасы менен өлкө боюнча ачылган 67 ишкананын жетөөсү “Бишкек” эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Быйыл жыл башынан бери ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен 11 жаңы ишкананы ишке киргизүү боюнча иштер уланууда. Учурда аталган аймакта 180ден ашык продукциянын түрү өндүрүлөт”,- деди Темиралиев.

Ошондой эле акыркы эки жылдын жыйынтыгы менен аймакка 4 млрд сомдон ашык инвестиция тартылып, 3 миң жаран туруктуу жумуш орду менен камсыз болгондугу белгиленди.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост