Акыркы жумада 20,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

 Акыркы жумада 20,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

15-декабрдан 21-декабрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 20 295 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 558;
  • мас абалында унаа башкаруу – 424;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 135;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 565;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 980;
  • авто ээнбаштык –29;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 569;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 4;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 312;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 719 унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Связанный пост