Быйыл 2,8 млн гектар жер суу менен камсыздалды
Быйыл 11 айда өлкөдө 5,6 млрд куб метр сугат суу керектелген. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул аралыкта сугат суу 404 юридикалык жакка жана 77 миңден ашуун дыйканга жеткирилип, 2,8 млн гектардан ашык жер сугарылды.
Өлкө боюнча:
- 10 суу сактагыч толук бүттү, дагы ондогон объектилерде курулуш жана долбоорлоо жүрүүдө;
- 550 км канал, жүздөгөн гидротехникалык курулмалар жана насостук станциялар оңдолду;
- 729 га жаңы жер өздөштүрүлүп, 22 миң гектардан ашык сугат жердин суу камсыздоосу жакшырды.
Сууну үнөмдөө — артыкчылыкка айланып, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары 17,7 миң гектарга орнотулду. Айрыкча Чүй облусунда бул ыкма кеңири жайылууда. Ысык-Көл облусу тамчылатып сугарууну өнүктүрүү боюнча пилоттук аймак катары тандалды.
Тарифтерди киргизүүнүн натыйжасында суу пайдалануудан түшкөн каражат 2,5 эсеге көбөйүп, 263 млн сомду түздү. Бул каражаттар кайра эле ирригация объекттерин жакшыртууга багытталат.
Кургакчылыкка карабастан, быйылкы сугат сезонунда дыйкандардан олуттуу нааразычылыктар болгон жок.
Таза суу боюнча:
- 796 айыл таза суу менен камсыз болду;
- 600дөн ашык айылда курулуш жана даярдык иштери уланууда.
Мындан тышкары, тармакта санариптештирүү активдүү жүрүп жатат: суу эсептөө датчиктери орнотулууда, онлайн төлөмдөр, автоматташкан кызматтар жана ирригациялык карталар иштелип чыкты.