11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган
Кыргызстанда 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күйүүчү майды маркалоо оператору – “Учкун” ААК менен биргеликте жалпы 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отуну маркаланды.
Мындан тышкары, ушул аралыкта күйүүчү-майлоочу материалдарга карата акциз салыгы боюнча 3 млрд 736,7 млн сом түшкөн. Ошентип, акциз салыгынан түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 79 млн 607,7 миң сомго көбөйгөн.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда өлкөгө импорттолгон жана өлкө ичинде өндүрүлгөн бензин менен дизель отунун молекулярдык маркерлерди колдонуу аркылуу милдеттүү маркалоо киргизилген.
Ошондой эле 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензиндин жана дизель отунун жүгүртүлүшүнө тыюу салынган.
Маркалоо системасын колдонуу КММнын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө, керектөөчүлөр үчүн күйүүчү майдын сапатын жогорулатууга жана акциз салыгын башкарууну жакшыртууга өбөлгө түзөт.