Садыр Жапаров Токиодогу “Борбордук Азия + Япония” Диалогунун биринчи саммитинин алдындагы иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы “Акасака” мамлекеттик конок үйүнө келди.

Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити тосуп алды.

Андан соң Президент Садыр Жапаров менен Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити ардактуу кароол ротасынын жанынан кызыл килем үстүнөн өтүшүп, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин урматына уюштурулган тосуп алуу кечки тамагына катышуу үчүн залга өтүштү.

Связанный пост