Кыргызстанда биринчи жолу салык жыйноо планы мөөнөтүнөн мурда аткарылды
Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо боюнча жылдык бекитилген болжолдуу планды мөөнөтүнөн мурда аткарды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Бекитилген планга ылайык, 2025-жылы 268 млрд 326,4 млн сом салык түшүүсүн камсыз кылуу каралган. Салык кызматы салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнүн туруктуу динамикасын жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун көрсөтүү менен бул көрсөткүчтү толук көлөмдө аткарды.
Мындан тышкары, алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын аягына чейин план ашыгы менен аткарылары күтүлүүдө. Салыктардын жана төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 300 млрд сомдон ашышы мүмкүн.
2025-жылдын январь-ноябрь айларында эле Салык кызматы тарабынан 275 млрд 742 млн сом өлчөмүндө салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 12 млрд 271 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 71 млрд 881 млн сомго көбөйдү.
Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо көрсөткүчтөрү дагы жакшырды. Алардын суммасы 74 млрд 57 млн сомду түзүп, план 1 млрд 217 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу 7 млрд 680 млн сомго көп жыйналды.
Жылдын 11 айында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жалпы түшүүлөрдүн суммасы 349,8 млрд сомго жетти.
Белгилей кетсек, бул өсүш салык жүгүн жогорулатуу аркылуу эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү, процесстерди санариптештирүү жана салыктарды ыктыярдуу төлөөнүн деңгээлин жогорулатуунун натыйжасында ишке ашты.