Екатеринбургда камакта жаткан 15 кыргызстандык жакында өлкөгө кайтарылат

 Екатеринбургда камакта жаткан 15 кыргызстандык жакында өлкөгө кайтарылат

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, борбордо учурда Кыргызстандын 40 жараны кармалып турат. Консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, юридикалык кеңештерди беришти.

Кармалган жарандардын ичинен 15и жакынкы арада аба каттамдары аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Башкы консулдукка “Асбестовский” бөлүмүндө кармалып турган жарандардан да кайрылуу түшкөн. Текшерүү учурунда ал жерде дагы 8 кыргызстандык бар экени аныкталды.

Связанный пост