Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылды

 Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылды

Балыкчы шаарына 10 автобус тапшырылды, жакынкы күндөрү дагы 10 атайын техника келет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Автобустун ачкычын Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев тапшырды.

24 орундуу автобустар Кытайдан алып келинген. Жакынкы күндөрү шаарга кошумча дагы 10 даана атайын техника алып келүү пландалууда.

Ошондой эле Туманбаев Балыкчы шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жай комплексинин курулуш иштери менен таанышты. Учурда көп кабаттуу үйлөрдөн турган комплексте негизги курулуш иштери жүрүп, бир катар имараттардын каркасы 3-кабатка чейин көтөрүлгөн.

Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө шаардагы инфраструктуралык объектилердин абалын көрдү. Атап айтканда, мурда инженердик коммуникациялар менен камсыз болбогон жаңы конуштарда ичүүчү таза суу тартуу жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Учурда бул багытта тиешелүү техникалык иштер этап-этабы менен аткарылып, калкты негизги коммуналдык кызматтар менен камсыз кылуу маселеси чечилип жатат.

Связанный пост