Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинде мамлекеттик кызматтар санариптештирилет
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинде мамлекеттик кызматтар санариптештирилет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдииршкендей, бул үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик форматка өткөрүүгө (электрондук документтерди берүү), аларды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топ ишинин биринчи этабында өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча мыйзамдар жаңыланат.
“Ошондой эле адистердин ишине хронометраж жүргүзүлүп, башкаруу түзүмү оптималдаштырылат. Бул чек арада көзөмөлдү күчөтүүгө, коррупцияны азайтууга жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого багытталган”, – деп айтылат маалыматта.