Кыргызстанда 10 миңге жакын чет элдик жаран өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырды

 Кыргызстанда 10 миңге жакын чет элдик жаран өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырды

2025-жылы Кыргызстанда 9 600 чет элдик жаран өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Мыйзамдаштыруу министрликтин демилгеси жана өлкө жетекчилигинин колдоосу менен мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге “миграциялык мунапыс” колдонуунун алкагында жүргүзүлдү.

“Аталган мунапыс болжол менен 9 600 чет элдик жаранга өлкөдөн чыкпай туруп Кыргызстанда жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берди. Ал эми 1 700дөн ашык адам өз ыктыяры менен республикадан чыгып кетти”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост