Өлкөдө 9 негизги азык-түлүк боюнча өзүн-өзү камсыздоого анализ жүргүзүлүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда 9 негизги социалдык маанилүү азык-түлүк боюнча өзүн-өзү камсыздоо деңгээлин аныктоо максатында кеңири талдоо жүргүзүп жатат.
Ведомстводон маалымдашкандай, анализ ар бир районду камтып, натыйжада өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо кайсы товарлар боюнча ички өндүрүш жетиштүү, кайсы багыттарда кошумча колдоо талап кылынары аныкталат.
Жыйналган маалыматтардын негизинде министрлик айыл чарба товар өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр жана сатуучулар менен системалуу иш алып барууну көздөөдө.
Аталган иш-чаралар төмөнкү багыттарды камтыйт:
- айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү, жеткирүүчүлөрдү жана сатуучуларды стимулдаштыруу жана колдоо;
- рыноктун бардык катышуучуларын өз ара байланыштыруу жана координациялоо;
- региондордо азык-түлүк менен туруктуу камсыздоону күчөтүү.
Анализдин жыйынтыгына карата министрлик азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ички өндүрүштү өнүктүрүү жана импортко көз карандылыкты азайтуу максатында практикалык чараларды жана мамлекеттик колдоо куралдарын иштеп чыгат.