Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсү 9 айда 1,2 млрд долларга жетти
Кыргызстадын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара Соода палатасынын (АТO) төрагасы Гүрсел Баран менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулап, анын туруктуу оң динамикасын баса белгилешти.
TÜİK маалыматы боюнча, 2025-жылдын алгачкы тогуз айында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүсү 1,2 млрд долларды түздү.
Элчи Казакбаев кыргыз органикалык продукциясын Түркиянын ири соода түйүндөрүнө илгерилетүү жана айыл чарба тармагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле ал Гүрсел Баранды Кыргызстанга келүүгө чакырып, АТО төрагасы 2026-жылы сапарды уюштурууга даяр экендигин билдирди.
Андан соң Түркиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү үчүн EkoAvrasya фондунун колдоосу менен кеңейтилген иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага фонддун төрагасы Хикмет Эрен баштаган 40ка жакын ишкер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Кыргызстандагы инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү тааныштырып, либералдуу салыктык режим, кеңири инвестициялык преференциялар, ишкердик үчүн ачык шарттар жана ЕАЭБ рыногуна кирүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берди. Ал 2025-жылдын алты айында Түркиядан келген түз инвестициянын көлөмү 100 млн долларга жакындаганын, бул түрк бизнесинин Кыргызстанга болгон ишениминин жогору экенин көрсөтөрүн белгиледи.
Өзгөчө көңүл жаңылануучу энергетика, өнөр жай, логистика, айыл чарба жана туризм сыяктуу тармактардагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.
Жыйынтыктап жатып Казакбаев Анкаранын ишкер чөйрөлөрүн Кыргызстанга иш сапары менен барууга чакырып, сапардын алкагында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.