С. Жапаров: Кыргызстан логистикалык чынжырларды түзүүгө катышууга даяр
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда, Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган «Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечектин кызыкчылыгы үчүн максаттардын биримдиги» аттуу эл аралык форумда сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын жана жеке өзүнүн атынан боордош түркмөн элине маанилүү дата – Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына карата эң жакшы куттуктоолорун жолдоду.
Ал Түркмөнстандын бейтараптуулук саясаты ички саясий туруктуулукту, коомдук ынтымакты камсыздап, өлкөнүн прогрессивдүү өнүгүүсүнө бекем негиз салганын баса белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстандын чөлкөмдүк процесстерге, Борбор Азиянын жана коңшу аймактардын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого кошкон салымын жогору баалай турганын ырастады.
Мындан тышкары, Президент Түркмөнстан тарабынан ишке ашырылып жаткан газ жана энергетикалык долбоорлор энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатып, рынокторду кеңейтип, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн кошумчалады.