Социалдык кампаларда 18 миң тоннага жакын даяр көмүр бар

 Социалдык кампаларда 18 миң тоннага жакын даяр көмүр бар

Бүгүнкү күндө “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын социалдык көмүр кампаларында 18 миң тоннага жакын даяр көмүр бар. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кампалардын даректерин, кайсы кампада канча көмүр бар экендигин кардарлар “Кыргызкөмүрдүн” социалдык баракчасынан, анда көрсөтүлгөн байланыш номерлер аркылуу билсе болот.

“Мисалы, учурда Бишкектеги социалдык кампада 1 миң 200 тонна, Чүй облусунда 5 миң 800 тонна, Ысык-Көл облусунда 4 миң тоннага жакын, Нарын облусунда 5,5 миң тонна көмүр бар. Калган облустар боюнча да социалдык баракчадан маалымат алса болот. Каалаган жарандар жакынкы көмүр кампага барып, сатып алышса болот”,- деди Садыралиев.

Андан тышкары, күнүгө Кара-Кечеден 10 миң тонна көмүр чыгарын, анын ичинен 7,5-8 миңи калкка, 2,5-3 миңге чейин Бишкек ЖЭБке жеткирилери кошумчаланды. Ошондой эле бюджеттик, социалдык мекемелерге да өзүнчө көмүр жеткирилет.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост