Кыргызстандын Евробиримдик менен соода жүгүртүүсү 837 млн доллардан ашты
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков сандар Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн туруктуу оң динамикасын көрсөтүп турарын белгиледи.
“2021-жылдан баштап өз ара сооданын көлөмү эки жарым эсеге көбөйдү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 837 млн доллардан ашты”, – деди министр.
Ошондой эле ал Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки улуттук программасынын негизги артыкчылыктары, анын ичинде индустриялаштыруу, “жашыл” энергетикалык системаны өнүктүрүү, аймактык хабды түзүү, айыл чарбасын жана туризмди илгерилетүү жөнүндө кеңири маалымат берди.
Мындан тышкары, инвесторлор үчүн салыктык жеңилдиктер жөнүндө айтып берип, министрликтин ишинин негизги багыттарынын бири чакан жана орто бизнести колдоо экенин баса белгилеп, бул багытта европалык тараптын колдоосуна үмүттөнөрүн билдирди.
Өз кезегинде Реми Дюфло 1990-жылдардын башында Кыргызстанда болуп кеткенин маалымдап, өлкөнү жакшы билерин белгиледи.
“Президент Садыр Жапаровдун өткөн жылы Бельгияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ратификациялоо процедуралары аяктагандан кийин кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр ачылат”, – деп белгиледи ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле GSP+ режиминин алкагындагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү келечектерин талкуулашып, бул механизмдин олуттуу потенциалын жана Кыргыз Республикасынын аны максималдуу натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Маалымат үчүн: GSP+ (Generalised Scheme of Preferences Plus) – Кыргызстандын Евробиримдиктин рыногуна жеңилдик менен кирүүсүн камсыз кылган Европа биримдигинин атайын соода режими.