Баткен облусунда жер титиреди
Баткен облусунда 8-декабрда саат 20:15те жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Баткен районунун Рават айылынан түндүк-чыгышка карай 12 чакырым, Лейлек айылынан түндүк-чыгышка карай 17 чакырым, Ак-Татыр айылынан түндүк-батышка карай 17 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-батышка карай 48 чакырым аралыкта жайгашып, Рават айылында 3,5 балл, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдарында жана Лейлек районунун Лейлек айылында 3 баллга чейин сезилген.
Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.