Дүйнө лидерлери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктоодо

 Дүйнө лидерлери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктоодо

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Быйыл биз Пекин, Астана, Тяньцзин шаарларында үч жолу жолугуп, кытай-кыргыз мамилелерин жогорку сапатта өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик. Бул жаңы доордогу кытай-кыргыз мамилелерин камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү келечекте өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктап берди. Кыргызстан Кытайдын маанилүү коңшусу болуп саналат. Биздин ортобуздагы жакын иштиктүү алакаларды жана жеке достукту жогору баалайм, сиз менен биргеликте кытай-кыргыз мамилелерин дагы жогорку деңгээлге көтөрүүгө даярмын. Сизге чың ден соолук жана бардык иштериңизге ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиз мекендештериңиздин чын ыкластуу урмат-сыйына жана эл аралык абройго татыктуусуз. Биздин мамлекеттердин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууга кошкон жеке салымыңыз абдан жогору. Жакында Бишкекке болгон сапарымды, мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздү жылуу эскерем. Биз, албетте, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу байланыштарды мындан ары да бекемдөө максатында конструктивдүү биргелешкен ишибизди улантабыз. Сизге чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат телеграммада.

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин абройлуу жетекчилигиңиздин астында Кыргызстан прогресс жолунда ишенимдүү түрдө алдыга жылып, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, социалдык-экономикалык модернизациялоодо жана эл аралык аренада позициясын чыңдоодо албан ийгиликтерге жетишүүдө. Өлкөдө болуп жаткан жаратмандык процесстер Сиздин стратегиялык багытыңыздын таасирдүүлүгүн ишенимдүү түрдө тастыктап, мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсү үчүн негиз түзүүдө. Кылымдардан бери келген достук жана коңшулаштык духунда казак эли боордош кыргыз элинин ийгиликтерине чын дилинен кубанат. Биздин биргелешкен ишибиз мындан ары да эки тараптуу кызматташтыктын зор мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ишенем. Сизге түгөнгүс күч-кубат, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана боордош Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн аркалаган жооптуу мамлекеттик ишиңизге жаңы ийгиликтерди каалайм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин акылман жана алысты көрө билген саясатыңыздын, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу реформаларыңыздын, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын жана аброюн бекемдөө боюнча ырааттуу аракеттериңиздин аркасында Кыргыз Республикасы бардык тармактарда тездик менен өнүгүүдө. Акыркы жылдары биздин биргелешкен чечкиндүү аракеттерибиздин, эки жактуу жана көп тараптуу форматтардагы жемиштүү жана активдүү диалогдордун натыйжасында, ынак коңшулаштык жана бекем достук духуна негизделген боордош элдерибиздин стратегиялык өнөктөштүк мамилелери таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн зор канааттануу менен белгилейбиз. Жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбызда жетишилген бардык маанилүү келишимдер жана масштабдуу пландар, ошондой эле башталган ири аймактык инфраструктуралык долбоорлор биздин жалпы аракетибиздин аркасында толугу менен ишке ашарынан шек жок. Бул кубанычтуу күнү Сизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо, жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, ынтымак, туруктуу бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин таасирдүү жетекчилигиңиз менен боордош Кыргызстан стратегиялык багытыңызды бекем карманып, бүгүнкү күндө туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, эл аралык аренада өз позициясын бекемдеп жатканы кубандырат. Сиздин эки өлкө менен элдерибиздин ортосундагы достуктун, ынак коңшулуктун жана көп пландуу кызматташтыктын негиздерин бекемдөөгө кошкон салмактуу салымыңызды жогору баалайм. Биздин арабызда калыптанган терең ишенимдүү мамилелерди жана туруктуу иш байланыштарын өзгөчө барктайм. Сизге чын дилимден бекем ден соолук, кажыбас күч-кубат жана Кыргызстандын мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө арналган жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Мамлекет башчысы кызматындагы Сиздин жемиштүү ишмердүүлүгүңүз Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын алдыга жылдырууда көрсөткөн кесипкөйлүгүңүздүн, саясий көрөгөчтүгүңүздүн жана эрктүүлүгүңүздүн үлгүсү болуп саналат. Ноябрь айында Бишкек шаарында өткөн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин региондогу туруктуулукту камсыз кылууга багытталган бир катар маанилүү маселелер чечилген жыйыны алкагындагы жолугушуубузду жылуу сезим менен эстейм. Беларусь менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө кошкон салымыңызды, ошондой эле натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка көмөктөшкөнүңүздү жогору баалайм. Беларус-кыргыз өнөктөштүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга багытталган биргелешкен аракеттерибиз эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенем. Сизге чың ден соолук, чексиз күч-кубат жана жаратмандык ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат телеграммада.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин даанышман жана ишенимдүү жетекчилигиңиздин астында Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана эл аралык аренада өзүнүн кадыр-баркын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишүүнү улантууда. Түркмөнстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку динамикасын жана конструктивдүү мүнөзүн белгилеп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоодогу Сиздин жеке көңүл бурууңузду жана маанилүү салымыңызды баса көрсөткүм келет. Сизге чың ден соолук, бакубат жашоо жана бакыт, ошондой эле Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн аткарып жаткан жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сизди өзүмдүн жана элимдин атынан туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жакындарыңыз менен бирге ден соолукта жана бейпил жашоодо узун өмүр сүрүүңүздү каалайм. Биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында жалпы камтуучу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн мамилелерибиздин, орток тилге, тарыхка, маданиятка жана ишенимге таянган эки элдин колдоосу менен, күн сайын өнүгүп жатканын көрүү мага чоң кубаныч тартуулоодо. Учурдан пайдаланып, 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары кыргыз өкмөтү жана бир тууган кыргыз эли үчүн жакшылыктын жышааны болуусун тилейм. Сизди дагы бир жолу туулган күнүңүз менен куттуктап, чың ден соолук жана бакыт, ал эми бир тууган кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, – деп айтылат телеграммада.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Бүгүн сиздин ишенимдүү жетекчилигиңиз астында бир тууган Кыргызстан мамлекеттик каада-салттарды жана принциптерди сактоо менен туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү илгерилеп, жашоонун бардык тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө. Сиздин өлкөнүн эл аралык кадыр-баркы жана анын аймактык процесстердеги ролу күн сайын өсүүдө. Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы боордоштукка, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген мамлекеттер аралык мамилелер динамикалуу жана ар тараптуу өнүгүп жатканы кубандырат. Эки тараптуу көп тармактуу кызматташтыгыбыздын стратегиялык деңгээлге жетишиндеги Сиздин ролуңузду өзгөчө белгилей кетким келет. Карабахты калыбына келтирүү жана жаңыртуу ишинде көрсөткөн колдооңуз үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем. Сиздин демилгеңиз менен курулуп, быйылкы жылдын июль айында Агдам районунун Хыдырлы айылында салтанаттуу түрдө ачылган Айкөл Манас атындагы орто мектеп элдерибиздин боордоштугу менен биримдигинин кезектеги жаркын үлгүсү болуп калды.
Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы бекем пайдубалга негизделген мамлекеттер аралык мамилелер жана кызматташтык жалпы байланыштары бар боордош элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн биргелешкен аракеттер менен мындан ары да чыңдалып, тереңдей берет деп ишенем. Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм жана боордош Кыргыз Республикасынын элине гүлдөп-өнүгүүнү, бакубаттуулукту жана тынч жашоону каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Грузиянын Президенти Михаил Кавелашвили Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктап, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм. Сиздин Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө кошкон жеке салымыңыз да, ошондой эле Грузия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө даярдыгыңыз да абдан маанилүү. Биргелешкен аракеттерибиздин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана кызматташтык жаңы бийиктиктерге жетерине ишенем. Дагы бир жолу Сизге жана боордош Кыргызстан элине терең урматтоомду билдирем жана Сизге жана боордош Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн атынан жана өзүмдүн атымдан Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген Россия-Кыргыз мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу жеке салымыңызды өзгөчө белгилегим келет. Жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу максатында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Өнөр жай, энергетика, транспорттук инфраструктура, инновациялык чөйрө жана башка тармактарда ири биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатат. Евразия экономикалык биримдигинин жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында иш жүзүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү, интеграциялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына толук жооп берет деп ишенем. Сиз менен ар дайым ачык жана конструктивдүү маанайда өткөн жолугушууларымды жылуу эстейм. Ишенимдүү жана жемиштүү алакаларыбыздын уланышына кубанычта болом. Сизге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишиңизге жаңы ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат телеграммада.

Казакстандын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин жеке сапаттарыңыз жана жан аябас эмгегиңиз Кыргызстандын өнүгүшүнө жана эл аралык аренада анын кадыр-баркын чыңдоого өбөлгө түзүүдө. Сиздин өлкөңүзгө мындан аркы ырааттуу өнүгүүнү каалайм. Биздин ортобузда калыптанган өз ара сый мамилелерибиз мындан ары да улана берерине ишенем. Сизге чың ден соолук, жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм. Сиз менен ар дайым ачык жана конструктивдүү маанайда өткөн жолугушууларымды жылуу эстейм. Ишенимдүү жана жемиштүү алакаларыбыздын уланышына кубанычта болом. Сизге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишиңизге жаңы ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат телеграммада.

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин жетекчилигиңиз учурунда Кыргызстан саясий, социалдык-экономикалык, илимий-билим берүү жана маданий тармактарда прогресске багытталган ырааттуу жана принциптүү реформалары, ошондой эле өлкөңүздүн эл аралык аренадагы ролун жаңыча чагылдырууга багытталган кадамдары менен айырмаланып турат. Бекем достук жана өз ара сыйлашуунун негизинде курулган мамлекеттер аралык мамилелердин динамикасын ырааттуу өнүктүрүү, жаңы келечектүү багыттарды жана өз ара пайдалуу долбоорлорду аныктоо жана ишке ашыруу Армения менен Кыргызстандын мамлекеттер аралык күн тартибин байытууга көп жагынан өбөлгө түзөт деп ишенем. Сизге чың ден соолук жана Кыргызстандын достош элинин жыргалчылыгын көздөгөн ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост