Лейлек районунун чек ара айылдарынын тургундары жаңы конушка көчүүдө
Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикистан менен чектеш аймактарындагы тургундар мамлекет тарабынан курулган жаңы айылдарга көчүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Атап айтканда, Максат айылынын тургундары ошол эле Максат айылындагы мамлекет тарабынан курулган 16 турак үйгө, Саада айылынын тургундары Раззаков айылында курулган 60 турак үйгө көчүрүлүүдө.
Көчүрүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жана техникалары тартылган.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстан айрым айылдарды алмашууну макулдашкан. Ага ылайык, чек ара айылдарынан көчүүчү тургундар үчүн Баткен районундагы Жаңы Достук айылына 181 үй, Лейлек районунун Раззаков айылына 60 үй, Максат айылына 16 үй курулган.