25-27-ноябрда Бишкек менен Чүйдө айрым көчөлөрдө чектөө киргизилет

 25-27-ноябрда Бишкек менен Чүйдө айрым көчөлөрдө чектөө киргизилет

25-27-ноябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, убактылуу чектөөлөр Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын өткөндүгүнө байланыштуу киргизилмекчи.

Чектөө киргизилчү көчөлөрдүн тизмеси:

  • “Манас” эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
  • Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
  • Ж.Абдрахманов, С.Ибраимов жана М.Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.

Мындан тышкары, транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөрү белгиленди.

Связанный пост