Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод 1-декабрда ишке кирет

 Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод 1-декабрда ишке кирет

1-декабрдан тарта Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү жаңы завод электр энергиясын өндүрө баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, завод толук ишке даяр жана борборду кошумча энергия менен камсыздай алат. Айрыкча электр тартыштыгы күчөп турган мезгилде бул кошумча кубаттуулук маанилүү роль ойнойт.

“Жаңы Башкы планда электр энергиясы жана коммуналдык кызматтар сыяктуу маселелер каралган. Биз келечектеги өнүгүүнүн башкы планынын алкагында аткарылуучу иштердин көлөмүн алдын ала белгилеп, аныктадык”,-деп белгиледи калаа башчы.

Связанный пост