Садыр Жапаров Кытайдын Тышкы иштер министрин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, ККП БКнын Тышкы иштер боюнча комиссиясынын Канцеляриясынын башчысы, Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.
Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери бүгүнкү күндө тарыхый бийиктикте экенин, ал эми тышкы иштер министри Ван Инин ар бир сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча терең мазмун жана жаңы идеяларды камтыганын баса көрсөттү.
Бул контекстте Мамлекет башчысы практикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруп, атап айтканда темир жана автомобиль жолдорун курууну, жаңы авиакаттамдарды ачууну, ошондой эле көптөгөн тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну белгиледи.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле көп тараптуу кызматташтыктын динамикалуу, биринчи кезекте ШКУнун алкагында жана “Борбордук Азия – Кытай” форматында чыңдалышын белгиледи.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И өз кезегинде Садыр Жапаровго Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын билдирди.
КЭРдин тышкы иштер министри буга чейин Кыргызстанда үч жыл мурда болгонун белгилеп, бул убакыт аралыгында өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтып, Кытай ынак кошуна жана дос катары буга чын дилинен кубанычта экенин кошумчалады.
Ван И эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн, коңшулаштыктын жана кызматташтыктын деңгээлин жогору баалады. Ошондой эле ал Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана кабыл алуучу өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарылдыгы жеткирилип жатканын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинге жылуу салам жолдоп, эң жакшы каалоолорун айтты, ал эми КЭРдин тышкы иштер министри Ван Иге мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.