Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айыптар жана туумдар кечирилет

 Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айыптар жана туумдар кечирилет

Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар боюнча карыздар эсептен чыгарыларын билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө салык кызматынын органдары тарабынан төмөнкүлөр эсептен чыгарылат:

  • 2026-жылдын 1-январына карата туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар — төлөөчүнүн арызы жок жана толук көлөмдө, эгерде бул күнгө карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыз жок болсо;
  • 2026-жылдын 1-июлуна карата туумдар, айыптар жана финансылык санкциялар — төлөөчүнүн тиешелүү арызынын негизинде жана толук көлөмдө, эгерде негизги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карызы 2026-жылдын 1-июлуна чейин төлөнгөн болсо.

Связанный пост