Кыргызстанда энергетикалык тартыштык болбойт

 Кыргызстанда энергетикалык тартыштык болбойт

Кыргызстанда энергетикалык тартыштык болбойт. Болгону үнөмдөгүлө деп жатабыз, – деп жазды энергетика министри Таалайбек Ибраев социалдык тармактагы баракчасына.

Анын маалыматына караганда, жылдагыдай эле кошуна өлкөлөрдөн кышкысын 3 сомдон импорттоп, элге 1 сом 37 тыйындан берилүүдө.

“Ортодогу айырма кайра эле “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтын моюнуна карыз болуп үйүлүп жатат.

Ошондуктан президентибиз “импортту болушунча азайткыла, энергияны үнөмдөп колдонгула, эмдиги жылы калган 25 млрд сом карыздан кутулгула” деген тапшырма койгон.

Эмдиги жылы карыздан толук кутулуп, кирешеге чыга баштайбыз. 2028-2029-жылдары кышта импорт албай калабыз деп пландап жатабыз”,-деп жазган Ибраев.

Связанный пост