Өлкөдө туристтер үчүн жаңы этно-маршруттар иштелип чыгат
Туризмди өнүктүрүү фонду менен Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлуп, биргелешкен иштер башталды.
Фонддон билдиришкендей, келишимдин башкы максаты улуттук кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана аны туристтик тажрыйбанын ажырагыс бөлүгүнө айлантуу болуп саналат.
Документке ылайык, тараптар төмөнкүдөй бир нече негизги багыттар боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну макулдашты:
- Кол өнөрчүлөрдү туристтик маршруттарга интеграциялоо — устаканалар жана ремесло локациялары туристтик программаларга киргизилет.
- Биргелешкен этно-фестивалдар, жарманкелер жана көргөзмөлөр — кыргыз кол өнөрчүлүгүн ички жана тышкы рыноктордо таанытуу үчүн.
- Маркетинг жана инфотурлар — ремесло борборлоруна туристтердин агымын көбөйтүү, улуттук искусствонун таанымалдыгын жогорулатуу.
Белгиленгендей, бул өнөктөштүк — маданий туризмди жана Кыргызстандын таланттуу кол өнөрчүлөрүн колдоого чоң кадам.