Адылбек Касымалиев «Kyrgyz EXPO 2025» эл аралык көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Kyrgyz EXPO 2025» эл аралык көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев «Kyrgyz EXPO 2025» өнөктөштүк мамилелерди түзүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыңкы тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу коммуникациялык платформа болуп саналарын белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн жана дүйнөлүк соода системасына интеграциялануунун жаңы этабында турганын белгиледи.

«Экономикадагы абал туруктуу жакшырууда. Биз өнөр жайды активдүү жандандырып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз. Ички дүң продуктунун жогорку өсүү темпи Кыргызстанды импорттоочу да, экспорттоочу да катары ишенимдүү өнөктөш катары кароого мүмкүндүк берет. Бюрократияны жоюунун, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнүн аркасында өлкөдө ачык-айкын жана туруктуу ишкердик чөйрө түзүлүп, анда ишкер мамлекеттин толук кандуу өнөктөшү болуп калат», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле «100 өнөр жай ишканасы – 2025» программасын ишке ашыруу уланып жатканын, бүгүнкү күндө 77 ишкана ишке киргизилгенин кошумчалады. Адылбек Касымалиевдин айтымында, ушул сыяктуу деңгээлдеги көргөзмөлөр Кыргызстандын дүйнөлүк экономикалык мейкиндикке интеграцияланышынын маанилүү куралы болуп, капиталды, технологияларды жана ишкердик энергияны бириктирет.

«Kyrgyz EXPO» сыяктуу көргөзмөлөр жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө, эл аралык байланыштарды чыңдоого жана Кыргызстандын дүйнөлүк аренада мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө өбөлгө түзөт», — деп белгиледи ал. Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы катышуучуларга жемиштүү сүйлөшүүлөрдү, конструктивдүү диалогду жана өз ара пайдалуу келишимдерди түзүүнү каалады.

Связанный пост