Таалайбек Ибраев: Кыргызстандагы бардык майнинг фермалар ишин токтотту
Кыргызстандагы бардык майнинг фермалар ишин токтотту. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Ибраев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсүнө комментарий берди.
Атамбаев майнингге жана электр энергиясын экспорттоого каршы чыгып, бул аракеттерди «дефицит шартында абсурд» деп атаган.
Министрдин айтымында, мурдагы президенттин айткандары көп учурда жоопкерчиликсиз мүнөздө болот.
«Атамбаев адаттагыдай эле өз сөзүнө жоопкерчилик албай сүйлөгөндү жакшы көрөт. Бул жагынан ал чындап эле чебер. Азыркы электр энергиясынын тартыштыгы шартында өлкө боюнча бардык майнинг-фермалар толугу менен өчүрүлдү. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө», — деди министр 24.kg агенттигине берген комментарийинде.