Энергетиктер Кыргызстандын электромобилдерге өтүүсүнө шарт түзүүдө
“Чакан ГЭС” ААК электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана электр транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү саясатынын алкагында “Чакан ГЭС” ААК өз каражаттарынын эсебинен өлкө боюнча кубаттоочу станцияларды кура баштады.
Бүгүнкү күнгө карата 6 кубаттоочу станция орнотулду:
- Бишкек шаарында (ГЭС-3) – 2 станция (80 кВт);
- Кемин районундагы Бишкек-Торугарт трассасында – 4 станция (80 кВт).
Кубаттоочу станциялар заманбап техникалар менен жабдылып, электромобилдерди тез жана коопсуз кубаттоого шарт түзөт, бул электр транспортун колдонуу мүмкүнчүлүгүн жеткиликтүү кылат.
Калган төрт кубаттоочу станция Кара-Көл шаарына орнотулат. Учурда жергиликтүү бийлик органдары менен бардык керектүү уруксаттарды алуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Жүргүзүлүп жаткан иштерди улантуу максатында 2025-жылдын 31-июлунда “Чакан ГЭС” ААК менен Blue Networks Co., LTD ААК ортосунда электр кубаттоочу станцияларды чогултуу, өндүрүү жана орнотуу боюнча өндүрүштүк объектти ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Алкактык келишимге кол койгон.
Анын негизинде “Чакан ГЭС” ААК 2026-жылы республиканын төмөнкү шаарларына жана шаардык аймактарга кубаттоочу станцияларды орнотууну пландаштырууда: Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Таш-Көмүр, Токтогул, Өзгөн, Кең-Сай, Суусамыр, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол, Бостери, Токмок.