Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочу катталды

 Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочу катталды

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:

– Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
– Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин;
– Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
– Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
– Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
– Мальдивдин Шайлоо комиссиясынын;
– Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
– Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
– Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын элчилигинин;
– Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин;
– Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн;
– КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын;
– Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын;
– Россиянын Коомдук палатасынын.

Белгилей кетсек, 2-ноябрга карата жалпы 127 эл аралык байкоочу каттоодон өттү.

Связанный пост