2026-жылга карата Ош облусунда дагы 5 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда
 
			
    2026-жылга карата Ош облусунун дагы 5 айыл өкмөтүн дотациядан чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн облустун 9 ай аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган жыйында айтылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында жалпы 17 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаар дотациядан чыккан. Ал эми 2026-жылга карата дагы 5 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда. Аталган айыл өкмөттөр:
- Алай районунун Гүлчө шаары;
- Араван районунун Достук айыл аймагы;
- Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагы;
- Өзгөн районунун Кароол жана Дөң-Булак айыл аймактары.
 
								 
                                     
                                    