Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланууда

Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланууда.

Облустук өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, учурда арканын айланасындагы аймакта ири өзгөрүүлөр жүрүүдө. Он жылдар бою жаңыртылбаган облустун кире беришиндеги арка толук реконструкциядан өтүп, эски контейнерлер жана убактылуу курулуштар алынууда.

Жол төрт тилкеге чейин кеңейтилди. Жаңы инфраструктуранын алкагында кофейня, эне жана бала үчүн бөлмө, жылытуу пункту, дааратканалар жана жашыл эс алуу аймагы курулмакчы.

Облус башчысы Эрмат Жумаев реконструкция иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Связанный пост