Жыл башынан бери Ысык-Көлдө 36 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулду
Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 36 272 даана “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Бул иштер энергетика тармагын модернизациялоо жана электр энергиясын бөлүштүрүү менен эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатат.
Иштер Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылды. Анын ичинен:
- Жети-Өгүз РЭТ – 10 224 даана;
- Балыкчы РЭТ – 5 797 даана;
- Ак-Суу РЭТ – 7 399 даана;
- Чолпон-Ата РЭТ – 6 693 даана;
- Тоң РЭТ – 6 010 даана;
- Каракол РЭТ- 744 даана “акылдуу” эсептегич орнотулду.
Жалпысынан 2025-жылдын соңуна чейин 55 923 “акылдуу” эсептегич орнотуу пландалган.
“Акылдуу” эсептегичтердин артыкчылыктары:
- электр энергиясынын көрсөткүчтөрүн реалдуу убакыт режиминде серверге автоматтык түрдө жөнөтөт;
- электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт;
- эсептегичке сырттан кийлигишүү аракеттери тууралуу автоматтык билдирүү жиберет;
- дебитордук карыз болгон учурда автоматтык түрдө өчүрүлүп, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайра кошулат;
- коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт.
- бул иштердин натыйжасында Ысык-Көл облусундагы электр энергиясын пайдалануу ачык, так жана коопсуз болуп, керектөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулайт.