Баткенде жыл башынан бери 43 685 “акылдуу” эсептегич орнотулду
Баткен облусунда жыл башынан бери 43 685 “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, райондор боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүчө:
- Баткен райондук электр тармактары – 13 248 даана;
- Кадамжай райондук электр тармактары – 13 056 даана;
- Кызыл-Кыя райондук электр тармактары – 17 381 даана.
Учурда Баткен электр тармактар ишканасында 128 600 абонент катталган. Анын ичинен:
- 119 300 — калк абоненттери,
- 9 500 — калк эмес абоненттер.
2025-жылга карата облус боюнча жалпы 43 685 даана акылдуу эсептегич орнотуу пландалган болсо, бүгүнкү күндө планга киргизилген (АСКУЭ) электр эсептегичтер баары орнотулуп бүттү. Тактап айтканда облустун Баткен району жана Баткен шаары толугу менен жана Кызыл-Кыя шаары акылдуу эсептегичтер менен камсыздалды.