Эдил Байсалов Орусиянын маданият министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Россиянын делегациясынын башчысы катары расмий сапар менен Бишкекке келген Орусиянын маданият министри Ольга Любимованын ортосунда сүйлөшүүлөр болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.
Эдил Байсалов Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер бекем тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык менен мүнөздөлөөрүн баса белгиледи. Ал маданий өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодо өзгөчө роль ойной турганын белгиледи. Кара-кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн, ошондой эле азыркы учурда Кыргызстандагы Россия Федерациясынын маданият күндөрүн ийгиликтүү өткөрүү белгиленди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда маданий байланыштарды андан ары чыңдоого жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.