Касымалиев: Президенттин “жаңы Кыргызстанды куруу” идеясы ишке ашууда
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбоорун талкуулаган Улуттук өнүктүрүү форумуна катышты.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев форумдун максаты – Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндөгү маселелерди эмес, эртеңки мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо. Ал өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө олуттуу жылыштар болгонун билдирди.
“Акыркы үч жылдын ичинде орточо экономикалык өсүү темпи 9%дан ашык болууда. Ушул жылдын башынан тартып экономикалык активдүүлүк жогору бойдон туруктуу сакталды. 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүү темпи 10%га жетти. 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 триллион сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Эгерде 2021-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 313,1 млрд сомду түзсө, 2025-жылдын аягына карата консолидацияланган бюджеттин ресурстары 1 трлн сом суммасында күтүлүүдө. Бул олуттуу өсүш жүргүзүлүп жаткан натыйжалуу фискалдык саясат менен шартталган”, — деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Ресурстардын өсүшүнүн оң темптери өлкө жарандарынын жашоосун жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берип жатканын айткан МинКаб Төрагасы “Бул темпти сактоо үчүн жана дүйнөдөгү өлкөлөрдүн алдыңкы катарына кошулуу үчүн Президент Садыр Жапаров өзүнүн Жарлыгы менен 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы менен өлкөнүн өнүгүү багытын бекитти. Демек, Министрлер Кабинетинин учурдагы иши жана алган багыты – экономиканы бекемдөө, элдин жашоо сапатын жогорулатуу, адамдык капиталды өнүктүрүү, башкаруу системасын заман талабына ылайык жаңылоо”, — деди ал.
Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы төмөнкү максаттуу багыттарга жетүүгө багытталган:
1. Калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин.
2. ИДП көлөмүн 30 млрд доллардан кем эмес.
3. ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8% деңгээлинде камсыз кылуу.
4. Өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүүсү.
5. Адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингдеги көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу.
6. Жумушсуздук 5%дан ашык эмес.
7. 2030-жылы ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 20%дан кем эмес.
8. Мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү – ИДПга карата 60%га чейинки деңгээлде.
Бул 2030-жылга чейинки жаңы беш жылдык иш-чаралар Планынын долбоору 919 иш-чарадан турат.
Белгилей кетсек, жалпы эки сессиядан турган Форумга Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Биринчи сессия өлкөнүн негизги өнүгүү багыттарына арналып, талкуунун алкагында экономикалык өнүгүү, реалдуу сектордун өнүгүүсү, социалдык жана санариптик өнүгүү тармактарында үч негизги блок каралды. Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрү баяндама жасашты.
Форумдун экинчи сессиясы “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” темасында өттү. Анда эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте улуттук долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу менен бирге, эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн жаңыча моделин түзүү каралды.
Соңунда форумдун жыйынтыгын чыгарган МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, Пландагы ар бир чара маңыздуу, олуттуу, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө, элдин жыргал жашоосуна жана Президенттин “жаңы Кыргызстанды куруу” идеясынын ишке ашуусуна багытталышы керек экендигин билдирди.
“Белгиленген ой-пикирлер жана сунуштар 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы алдыдагы жылдардагы биздин күнүмдүк ишибиздин негизин түзөт. Ушул жерде отургандардын баары сөз менен эмес, иш менен бекемдешибиз керек. Кыргыз Республикасы гүлдөп-өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүгө толугу менен даяр, бул жолду биз бирге чогуу басып өтөбүз”, — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.