Баткендин Жаңы Достук айылында учурда мектеп, бала бакча жана ФАП курулууда

Кыргыз–тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы боюнча көчүрүлө турган айылдардын жашоочулары үчүн курулган Жаңы Достук айылында социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жеке турак үйлөрдүн курулуштары аяктап, учурда мектеп, бала бакча жана ФАП курулууда. Ошондой эле айылдын инфратүзүмүн өнүктүрүү багытында асфальт төшөө, агын суу жана ичүүчү суу түтүктөрүн орнотуу иштери улантылууда.

Министрлик тарабынан объектилердеги курулуш нормалардын жана эрежелердин талаптарына ылайык аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө максатында жеринде текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Текшерүү учурунда курулуш объектилеринин сапатына, коопсуздук жана техникалык эрежелердин талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулуп келет.

Связанный пост