Акыркы 9 айда Бишкекте 7 миң 539 объект мыйзамсыз деп табылган

 Акыркы 9 айда Бишкекте 7 миң 539 объект мыйзамсыз деп табылган

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Бишкек шаарынын аймагында жалпысынан 7 миң 539 объект мыйзамсыз курулуш деп аныкталып, бүгүнкү күндө жерлер бошотулган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мелис Нурланбеков “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзамсыз курулуштардын ичинен 3 миң 500 объект тосмо, чатыр, соода павильондору сыяктуу жеңил типтегилер.

“Мыйзамсыз деп аныкталган пайдубал, кошумча курулуш өндүү капиталдык 755 даана курулуштар демонтаждалган. Ошондой эле шаардын келбетин, көркүн жакшыртуу максатында жарнама такталар, баннерлер акыркы иштелип чыккан талаптарга жооп бериши керек. Эрежелерге жооп бербеген чарба субъекттилеринин 3 миң 278 жарнамалары шаардын аймагынан 9 айдын ичинде алынган”, – деди Нурланбеков.

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуштар көйгөйү жарандардын жер тууралуу билими аздыгынан келип чыгып жатканын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары маалымдады.

“Көбүнчө жарандар убактылуу күбөлүк же кызыл китеп сыяктуу бир документти алышып эле өзү каалагандай үйлөрдү салып келишкен. Мында өзүнүн чектери аныкталган эмес, кызыл китепте узун-туурасы көрсөтүлгөн жерлерге өзүнүн муктаждыгына жараша соода объекттилерин салып алышкан болушат. Негизи биздин мыйзам талаптары боюнча жерге таандык документ бир гана жерге таандык болот. Ал жерге куруулуш жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык архитектурасынан, Курулуш министрлигинен тиешелүү эксперттик корутунду, экспертиза алыш керек. Көп курулуштар бул документтер жок эле салынгандар”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, башкармалык негизинен бузуу иштерин объект жаңы курулганда чектери аныкталбай калганда, чектен чыгып кеткенде, элдерден кайрылуулар келип түшкөндө мыйзам чегинде аткарат. Маалымдалгандай, көпчүлүк учурларда жердин ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин өз ыктыярлары менен мыйзамсыз курулуштарын алышат.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост