ОшМУнун клиникасында биринчи жолу ашказан рагына операция жасалды

ОшМУнун медициналык клиникасында алгачкы жолу ашказан рагына чалдыккан бейтапка операция жасалды.
Окуу жайдан бидиришкендей, операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Өмүрбек Алишов менен биргеликте жасады.
“Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саатка созулду. Анткени, ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказына операцияны ийгиликтуүү жасап бүттүк”,-деди дарыгер Жанек Белеков.
ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.
Жакында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.
2022-жылдын декабрь айында клиника үчүн окуу жай “тез жардам” унаасын да сатып алган.