Кепилдик фонду: Аял ишкерлер 1,5 млрд сомдон ашык насыя алышты

 Кепилдик фонду: Аял ишкерлер 1,5 млрд сомдон ашык насыя алышты

2025-жылдын январь-сентябрь айларында “Кепилдик фонду” ААК аялдардын бизнесин өнүктүрүү үчүн 440 кепилдик берген.

Компаниядан билдиришкендей, бул берилген кепилдиктердин жалпы санынын 40 пайызын түзөт.

Жалпы кепилдик суммасы 369 млн 53 миң сом болуп, бул аял ишкерлерге 1 млрд 527 млн сомдон ашык насыя каражатын тартууга мүмкүнчүлүк берди.

Тармактык бөлүштүрүү:

  • айыл чарба – 64 пайыз;
  • соода – 22 пайыз;
  • транспорт – 4 пайыз;
  • кызмат көрсөтүү – 3 пайыз;
  • ипотека – 2 пайыз;
  • туризм – 2 пайыз;
  • өнөр жай – 2 пайыз;
  • курулуш – 0,5 пайыз;
  • айыл чарба продукциясын кайра иштетүү – 0,2 пайыз.

Берилген кепилдиктердин көлөмү боюнча туризм тармагы алдыңкы орунда турат — 90 млн 299 миң сом.

Андан кийинки орундарда:

  • соода — 82 млн 816 миң сом;
  • айыл чарба — 63 млн 536 миң сом;
  • өнөр жай — 58 млн 594 миң сом;
  • кызмат көрсөтүү — 55 млн 779 миң сом;
  • ипотека — 9 млн 313 миң сом;
  • транспорт — 7 млн 482 миң сом;
  • курулуш — 1 млн 170 миң сом;
  • айыл чарба продукциясын кайра иштетүү — 61 миң сом.

Ипотека тармагындагы колдоо

2025-жылдын май айында Кепилдик фонду “Келечек” аттуу жаңы ипотекалык продуктуну ишке киргизди. Аталган программа аркылуу азыркыга чейин тогуз аял өз турак жайын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Программанын максаты — жарандарга ипотекалык насыя алууда баштапкы төлөмү жетишсиз же жок учурда турак жай сатып алууга көмөк көрсөтүү.

Бүгүнкү күндө “Келечек” ипотекалык кепилдигин төмөнкү беш өнөктөш банктан алууга болот: “Айыл Банк” ААК, “Элдик Банк” ААК, “МБанк” ААК, “Дос-Кредобанк” ААК жана “Коммерциялык Банк КСБ” ЖАК.

Связанный пост