Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы парламенттик дипломатиянын ролу талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкемди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Алгач төрага элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап: “Соңку жылдары боордош эки мамлекеттин алакасы ырааттуу уланып, бардык багыттардагы байланыштарыбыз жигердүү өнүгүп келет. Тажрыйбалуу жана кесипкөй дипломат катары калыптанган кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, бир туугандык жана достук мамилелерди чыңдоого өз салымыңызды кошосуз деген терең ишеничтемин”, – деди.

Ошондой эле эки өлкөнүн башчыларынын ынак мамилеси алакаларды арттырууга чоң түрткү берип жатканын билдирген Нурланбек Тургунбек уулу өткөн жылы президент Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстандагы мамлекеттик сапары жемиштүү болуп, кыргыз-түрк кызматташтыгынын жаңы барагы ачылганын белгиледи.

“Анда эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү келишимдерге кол коюлган. Эми аларды ийгиликтүү ишке ашыруу аркылуу калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтүүбүз кажет”, – деди Төрага.

Муну менен катар парламенттер аралык мамилелердин учурдагы абалына да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийинки алгачкы расмий сапарын Түркияга жасаганын эске салды.

“Биз Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны менен тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз. Быйыл Төрага Нуман Куртулмуш мырза Кыргызстанга расмий сапар менен келип, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Анткени, мамлекеттер ортосундагы алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң. Эл өкүлдөрү биргелешип иш жүргүзгөндө гана мамлекеттер аралык келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга болот”, – деди төрага.

Өз кезегинде элчи Мекин Мустафа Кемаль Өкем соңку 30 жылдык эмгек жолу Кыргызстанга тыгыз байланышканын билдирип, дүйнөдөгү Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) алгачкы кеңсесин Бишкекте ачууга түздөн-түз катышканын кошумчалады.

“Мага кыргыз жери жана боордош кыргыз эли өтө жакын. Андыктан элчилик ишмердүүлүгүмдүн алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, бир туугандык жана достук мамилелерди чыңдоого болгон күч-аракетимди жумшоого даярмын. Анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү дипломатиялык ишимдин артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет”, – деген элчи алдыдагы пландары менен да бөлүштү.

Андан тышкары жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгына байланышкан негизги маселелер талкууланды.

Связанный пост