Адылбек Касымалиев “Алтын күз” жарманкеси жана “АгроТехЭкспо–2025” көргөзмөсү менен таанышты

Бүгүн, 19-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси жана “АгроТехЭкспо–2025” агроөнөр жай көргөзмөсү менен таанышты.

Анда иш-чаранын жүрүшү тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана ишкерлер маалымат беришти.

Белгилей кетсек, бул жарманкелер үч күндөн бери Т. Усубалиев атындагы аянтта өткөрүлүүдө. Алтын күз майрамынын алкагында ишкер, фермер, дыйкан, кайра иштетүүчүлөр, агротехниктер, ири ишканалар бири-бири менен жакындан таанышып, кызматташууларга өбөлгө түзүлүүдө.

Мында коюлган айыл чарба товарлары керектөөчүлөргө арзан баада сатылууда.

Связанный пост