Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Социалдык кызматкерлер күнү жана кесиптик бирликтердин түзүлгөндүгүнүн кылымдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Жарандардын жашоо шартын жакшыртуу, турмушун жеңилдетүү жолундагы сиздердин тынымсыз эмгегиңиздер жана адамдык, боордоштук менен жасаган аракетиңиздер коомубуз тарабынан терең урматтоого татыктуу. Дал сиздердин эмгегиңиздердин аркасында миңдеген жарандарыбыз мамлекеттин камкордугуна ээ болуп, керектүү жардамын алып, эртеңки күнгө ишеним менен кадам таштап келишет.
Ар күнү элдин көйгөйүн угуп, жардам көрсөтүү, аларга ишеним тартуулоо – бул өтө жооптуу жана ардактуу милдет. Социалдык кызматчынын кесиби чыдамкайлыкты, адамкерчиликти жана жогорку жоопкерчиликти талап кылат. Элге болгон берилгендик – бул чыныгы жарандык үлгү.
Жарандардын жыргалчылыгы жана элибиздин бакубат жашоосу – өлкөнүн өнүгүүсүнүн күзгүсү. Ал эми социалдык адилеттүүлүк – мамлекеттин жүзү. Бул багытта үч негизги институт – социалдык коргоо, Социалдык фонд жана кесиптик бирликтер – адилет коомдун жана ар бир жарандын бакубатчылыгынын негизги таянычы болуп саналат. Корголгон эмгек, колдоого алынган аялуу катмар жана татыктуу карылык – мына ушулар мамлекеттин социалдык туруктуулугунун көрсөткүчү. Сиздер ушул системанын туруктуу иштешин камсыздаган негизги кыймылдаткыч күчсүздөр.
Профсоюздук кыймылдын түптөлүшүнө чоң салым кошкон ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем. Алардын эмгегинин аркасында бул кыймыл 120 жылдан бери үзгүлтүксүз өнүгүп, жаштарга үлгү болуп келе жатат.
Ошондой эле быйыл Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленип, социалдык адилеттүүлүк, эмгек жана камкордук багытындагы көп жылдык талыкпаган эмгек жана тажрыйбаны талдап, жыйынтыктадык.
Ар бир берилген жөлөкпул, ар бир пенсия, ар бир кеңеш же жардам – бул жөн гана статистикалык көрсөткүч эмес, бул ар бир жарандын тагдырына таасири тийген жылуу мамиле. Сиздердин ишиңиздерден дал ушундай жоопкерчилик жана адамдык жылуулук чагылат.
Элибизде дени сак, акылдуу, билимдүү балдарыбыз көбөйсүн. Дени сак улут – мамлекеттин келечеги. Ал эми татыктуу карылыкты камсыздоо үчүн, калктын аялуу катмарын багып алуу үчүн жана татыктуу эмгек үчүн – экономикабыз индустриалуу болушу, ошондой эле иштеген жарандарыбыздын да саны көп болушу маанилүү. Мамлекет ушул нукта баратат.
Элге ак ниет менен кызмат кыла бериңиздер!
Элибиздин жыргалчылыгы сиздердин кубанычыңыздар болсун!”, – деп белгиледи Адылбек Касымалиев.