“Маринка” пансионатынын 12 га жери мамлекетке кайтырылды

 “Маринка” пансионатынын 12 га жери мамлекетке кайтырылды

“Маринка” пансионатынын 12 га жери мамлекетке кайтырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында прокуратура органдары менен биргеликте мурда Миң-Куш “Оргтехника” заводуна – азыркы “Оргтехника” ААКка таандык “Маринка” пансионатынын 12 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Участок туристтик зонада – альтернативдик Түндүк-Түштүк автожолунун боюнда (бир тарабы тоолуу аймак, экинчи тарабында – токою жана Көкөмерен дарыясы) жайгашкан.

1965-жылдын октябрь айында Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик токой фондусуна таандык болгон аталган жер участогу Эмгекчилер депутаттарынын Жумгал райондук Советинин аткаруу комитетинин чечими менен Миң-Куш “Оргтехника» заводуна убактылуу бөлүнүп берилгендиги (туристтик базанын курулушу менен бирге мамлекетке кайтарып беруу шарты менен) белгиленген.

Союз мезгилинде ишкананын кызматкерлери үчүн “Оргтехника” ААКка тиешелүү бул жер тилкесинин аймагында тиешелүү инфраструктурасы бар пансионат (коттедждер, эс алуу үйлөрү ж.б.) түзүлгөн.

Союз тарагандан кийин кызыктар жактар тарабынан демонтаждоонун жыйынтыгында иргөө жана сатуу жолу менен талкаланган.

“Миң-Куш Оргтехника” заводу 1970-1971-жылдары түптөлүп, эл керектөөчү товарларды (калем, түрдүү түстүү фломастер ж.б.) чыгаруу боюнча Нарын облусундагы алдыңкы өнөр жай жана бюджет түзүүчү ишкана болгон.

Андан ары, 1994-жылы “Оргтехника” заводу “PESAC” программасына (Банкроттук жол-жобосу аркылуу төлөөгө жөндөмсүз ишканаларды кайра уюштуруу жана жоюу аркылуу мамлекеттик ишканалардын секторун реформалоо, түзүмүн өзгөртүү жана менчиктештирүү программасы) киргизилген жана 1995-жылы ААК болуп кайра уюштурулуп, Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну К.Т.М. директор болуп шайланган.

2008-жылы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдары тарабынан убактылуу пайдаланууда болгондугуна карабастан, бул жер участогу тиешелүү документтери жок “Оргтехника” ААКсына катталып, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген.

“Маринка” пансионатынын жер тилкеси Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын балансына тиешелүү кабыл алуу-өткөрүү актысына ылайык өткөрүлүп берилген.

Эскертүү: Буга чейин УКМК тарабынан Нарын облусунун Жумгал районунун Арал айылында жайгашкан аянты 4,5 га болгон “Оргтехника” ААК “Достук” пионердик лагери кайтарылган, буга чейин ишканага 2,98 га аянты бар Миң-Куш айылындагы ЖЭБдин жер тилкеси, Кыймылсыз мүлк жана товардык-материалдык баалуулуктар, анын ичинде аянты 4,3 га, аянты 20га жакын станок (металл кесүүчү, токарлык, фрезердик, жаргылчак ж.б.) жана аспаптар, заводдун аянты 4,44 га, Миң-Куш айылынын 16 аянтында жайгашкан, аянты 0,19 га болгон мурдагы май куюучу жайдын аймагы, аянты 0,0346 га болгон мурдагы 7-цехтин аймагы, аянты 0,01 га болгон 35 м2 жакын банкет залы, аянты 0,01 га, 4 гараж 30 м2 жана китепкана. “Оргтехника” ААКтын кайтарылган кыймылсыз мүлкүнүн жалпы аянты 18,48 гектарды түздү.

Связанный пост