Камсыздандыруу төгүмдөрү 6 жылда 32 млрд сомдон 74 млрд сомго чейин өстү

 Камсыздандыруу төгүмдөрү 6 жылда 32 млрд сомдон 74 млрд сомго чейин өстү

2019-жылдан бери Мамлекеттик салык кызматына камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы берилген.

Ведомстводон маалымдашкандай, ошол учурдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жылдык түшүүлөрү туруктуу өсүүдө. Алсак:

  • 2019-жылы — 32,4 млрд сом;
  • 2020-жылы — 33,1 млрд сом;
  • 2021-жылы — 38,3 млрд сом;
  • 2022-жылы — 51,7 млрд сом;
  • 2023-жылы — 64,3 млрд сом;
  • 2024-жылы — 74,08 млрд сом чогултулган.

Ошондой эле 2025-жылдын 9 айында 59,7 млрд сом жыйналды.

Жыйымдарды көбөйтүү үчүн Салык кызматы санариптик куралдарды киргизүү аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну жөнөкөйлөтүү менен бизнес жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө.

Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө – бүгүнкү күнгө, келечегибизге камкордук

Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө — келечекте татыктуу пенсия алууну камсыз кылуу дегенди билдирет. Бирок көпчүлүгү төлөм жүргүзгөн адам бир катар социалдык жеңилдиктерге, анын ичинде медициналык кызматтарга да ээ болоорун билишпейт.

Камсыздандыруу төгүмдөрү медициналык кызматтарды арзан алууга мүмкүнчүлүк.

Ал эми төлөм жүргүзбөгөн жарандар үчүн баары кымбатка түшөт — анткени ал камсыздандырылган эмес.

Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө — бул өзүңдү коргоо. Төлөбөй коюу — колдоосуз калуу дегенди билдирет.

Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, келечегиңизге кам көрүңүз!

Связанный пост